Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Адахан Мадумаров президент Жапаровго жооп кайтарды

Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров Башкы прокуратурадан сурактан чыккан учурда журналисттердин суроолоруна жооп берди. Президент Садыр Жапаровдун ал тууралуу айткандарына комментарий берди.


"Мен Садыр Жапаров башкы прокурор, сот болуп калганын ушул күнгө чейин билбептирмин. Ал бир эле убакта тергөөчү да болуп, бардык кишилерге аныктама да коюп атыптыр. Муну маданиятсыздык, өтө чоң сабатсыздык деп эсептеш керек. Өлкө башчысымын деген киши бир аз китепти карап, окуп койсо болмок. Кылмышкер деп жалгыз гана сот чечим чыгарат. Өздөрү ошондой жол менен чоңоюп, өскөндөн кийин “элдин баары мендей болсо керек” деп ойлоп жатышса керек. Мен ал жигиттен айырмаланып солярка ташып чоңойгон эмесмин. Мен банктарды басып алып жүрүп чоңойгон эмесмин. Мен атамдын, улуу кишилердин тарбиясын алып китеп окуп чоңойгом”.


Адахан Мадумаров 17-январда Башкы прокурага эртең менен суракка барып, түштөн кийин экинчи жолу кирген. Саясатчы 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу күбө катары буга чейин да сурак берген.


“Вечерний Бишкек” басылмасы 17-январда президент Садыр Жапаровдун маегин жарыялады. Анда өлкө башчы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча Мадумаров кол койгон протоколду “чыккынчылык” деп атады. Ошондой эле ким кылмыш кылган болсо жооп бериши керектигин айтты.


“Өздөрү кылмыш кылып коюшуп, анан эмнеге Камчы (ред: УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев) экөөбүздү коркутушат. Же 2009-жылы Мадумаровду Камчы экөөбүз колунан жетелеп барып жер бердирдикпи?” - деген Жапаров.


Адахан Мадумаров 2009-жылы Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы 5 гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Ал кезде Мадумаров Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы болчу.


Мадумаров ал документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин кайталап, соңку окуяларды өзүнүн саясий ишмердиги менен байланыштырып жатат.


Бийлик кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүүдө Тажикстан ал протоколду бетине кармап жатканын билдирген. (BTo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus