Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Бажы кызматынын жетекчиси Кубанычбеков коррупцияга шек саналып кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков 17-январда коррупцияга шек саналып кармалганын билдирди.


Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, Бажы кызматынын жетекчилиги товарларды импорттоого катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыктарын колдоп, аларга жеңилдетилген шарттарды түзгөн. Бажылык тариздөө мыйзамы одоно бузулуп, параны системалуу алып туруу үчүн жашыруун схемалар колдонулганы аныкталганы кабарланды.


“Мындан тышкары, Бажы кызматынын жетекчилиги мамлекеттин кызыкчылыгына жашынып жеке баюу максатында, тышкы экономикалык ишмердиктин субъектилери үчүн туунду компаниялар көрсөткөн бажы кызматтарынын баасын негизсиз ашыра баалап тургандыгы аныкталды”, - деп айтылат маалыматта.


Бул фактылар боюнча 17-январда Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголуп, анын алкагында Адилет Кубанычбеков кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Адилет Кубанычбеков Бажы кызматынын төрагасы болуп былтыр октябрь айында дайындалган. Ага чейин Silk Way индустриалдык паркынын жетекчиси болчу.


Былтыр декабрь айында “Азаттыкка” берген маегинде ал Кыргызстандын бажы тармагында аткезчилик токтогонун айткан.


2020-жылы “Азаттык” радиосу жана бир нече эл аралык медианын журналисттери бажыдагы миллиондогон каражатты кымырган схемаларды аныктап чыккан. Иликтөөлөрдө аты аталган Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов камалып, мамлекетке 2 млрд. сом төгүп кайра бошотулган. (BTo)






 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus