Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

"Биримдик-Кут" конушунун тургундары өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты

Бишкек шаарынын жанындагы "Биримдик-Кут" конушунун ондогон тургундары социалдык объектилерди курууну талап кылып өкмөт үйүнүн астына митингге чыгышты.


Алар конуштагы мектеп, бала-бакча, оорукана, парк сыяктуу жайлар курула турган жерлер сатылып кеткенин айтышып, "Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаков социалдык объектилердин жерин кайтарып бериши керек" деген талап коюшту.


Акцияга чыккандар мектептин жери сатылып кетти деген жүйөнү айтып жатышат.


Нааразы тарап менен президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Аламүдүн районунун акими жолугушту. Аким бул маселе боюнча Башкы прокуратурга кайрылганын, иш сотко өтүү алдында турганын билдирди.


Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү "Биримдик-Кут" конушуна быйыл мектеп салына турганын айтты.


Бишкек шаардык соту 13-январда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковду актады жана мүлктөрүн камактан чыгарды. Экс-депутат 2017-жылы Бишкектин жака белиндеги ондогон гектар жерди мыйзамсыз трансформациялаган деген айып менен 10 жылга кесилген.


Башы прокуратура Самаковго кылмыш ишин 2015-жылы козгогон. Анда башкы көзөмөлдөөчү орган Самаков Бишкектин жака белиндеги 262 гектардан ашуун айыл чарба багытындагы жерди турак жай категориясына өткөрүп, андан кийин майдалап сатып жибергенин билдирген.


Сот бул иш боюнча мурдагы президент Курманбек Бакиев менен анын иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди 10 жылга түрмөгө кесүүгө өкүм кылган.


Самаковдун тарапташтары анын күнөөсүз экенин билдиришкен. (МТа)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus