Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Нарматова атасы атайын кызматка суракка чакырылганын кабарлады

Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматова атасы Көчкөнбай Нарматов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) суракка кирип кеткенин “Азаттык” радиосуна маалымдады. Нарматова атасы анын диплом маселеси боюнча чакырылганын айтууда.


УКМКнын басма сөз кызматы маалыматты тактап берерин билдирди.


"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын депутаты Орозайым Нарматова 14-январда Улуттук коопсуздук комитетине сурак берип чыккан. Атайын кызмат депутат Жалал-Абад мамлекеттик университетинен алган дипломуна байланыштуу чакырылганын билдирген.


Милиция Нарматованы былтыр сентябрда Ош аэропортунан Москвага учуп баратканда кармап Бишкекке алып келген. Ички иштер министрлиги (ИИМ) ал Жазык кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен айыпталып жатканын кабарлап, ошол эле күнү сурактан кийин бошоткон.


Активисттин Кыргызстанга бир тууган агасын жерге берүү үчүн келгенде кармалганын бир катар саясатчылар, депутаттар жана жарандык коом сындап чыккан.


Нарматова президент Садыр Жапаров абакта жатканда анын активдүү колдоочусу болгон, бирок Жапаров бийликке келгенден кийин саясатын кескин сындап жүргөн. Президент былтыр жыл жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынында Нарматованын суракка алынышына каршы болгонун маалымдаган.


"Чычкандай кызга эрегишпейм, аны камабагыла деп ИИМден сурандым​. Бирок ар бир журналист болобу, блогер болобу сүйлөгөн сөзүнө жооп бериш керек", - деген Жапаров.


Орозайым Нарматова 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо дагы "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен шайлоого катышкан. (TSh)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus