Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Масадыков Ооганстанга гуманитардык жардам жеткирди

Кыргызстандын президентинин администрациясы расмий бийлик өкүлдөрү Ооганстанда "Талибан" кыймылы түзгөн өкмөттүн жетекчилери менен жолукканын ырастады.


Мекеме 23-сентябрда тараткан маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков башында турган кыргыз делегациясы 23-сентябрда Кабул шаарына Кыргызстандын элинин атынан Ооганстандын калкына гуманитардык жүк жеткирди.


Гуманитардык жүк Ооганстандын жаңы түзүлгөн өкмөтүнүн премьер-министринин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу Абдул Гани Барадарга тапшырылды.


“Жолугушууда Таалатбек Масадыков менен Абдул Гани Барадар кеңири баарлашты. Анын жүрүшүндө тараптар Ооганстандагы саясий кырдаалды талкуулап, өлкөдөгү жана жалпы региондогу коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашышты”, - деп айтылат маалыматта.




Барадар гуманитардык жардам үчүн Садыр Жапаровго жана кыргыз элине ыраазычылык билдирген. Ал Ооганстандын муктаждыктарын айтып, эл аралык коомчулук убада кылган гуманитардык жардам келе электигин, ошондой эле өлкөнүн каржылык эсептери ачылбай жатканын билдирген.


Сүйлөшүү учурунда Барадар коңшу өлкөлөр менен ишенимди бекемдөө чараларын күчөтүү зарыл экенин белгилеп, талибдерге өлкөдө тынчтыкты орнотуу жана калктын жашоосун жакшыртуу үчүн экономика менен алектенүү керектигин айткан.


Таалатбек Масадыков мындан тышкары Ооганстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен протоколдук жолугушуу өткөргөн.


Талибдердин өкмөтүнүн басма сөз катчысы Забиулла Мужахид 23-сентябрда "Твиттерге" Амир Хан Муттаки Таалатбек Масадыков жана президенттин тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Жээнбек Кулубаев менен жолугушканын жазып, сүрөттөрдү жарыялаган.


Кыргызстанда тыюу салынган “Талибан” кыймылы Ооганстандын аймагынын басымдуу бөлүгүн жана 15-августта Кабулду өз көзөмөлүнө алып бийлигин орноткон. Алардын бийлигин дүйнөнүн бир да өлкөсү тааный элек. (BTo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus