Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Активист Орозайым Нарматова кайрылуу жасады

Укук коргоо органдары тарабынан Ош эл аралык аба бекетинен кармалып, Бишкекке жеткирилген активист, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова сурак берип чыккандан кийин “Фейсбук” баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.


“Азыр мени атайын кызматкерлер туугандарымдын үйүнө алып келишти. Буюрса эртең менен Москва шаарына узатып коюшат. Менде баары жакшы! Тергөө иштерин ачыктабоо тууралуу кол койдум, түшүндүрүү иштери болду, рахмат баарыңыздарга”,- деп жазды ал.




Анын алдында ИИМ Орозайым Нарматова күбө катары суралгандан кийин бошотулганын билдирген эле. Бирок ИИМ алдына чогулган тарапташтары бир топко чейин тарбай, анын бошотулганына ишенбей турушту. Андан соң Нарматова телефон аркылуу байланышка чыккандан кийин гана тарап кетишти.


Эске сала кетсек, активист Орозайым Нарматованы 10-сентябрда таңга маал Ош аэропортунан укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармап кетишкен. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы ал кармалбаганын, Ички иштер министрлигинин тергөө тапшырмасы менен Бишкекке сурак берүү үчүн гана жеткирилгенин билдирген.


Ички иштер министрлиги (ИИМ) Нарматова Жазык кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен айыпталып жатканын кабарлаган.


Активист Орозайым Нарматованын кармалышын бир катар саясатчылар, депутаттар жана активисттер сындап чыгышты.


Нарматова 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын алдыңкы ондук тизмесине кирип, шайлоого катышкан.


Нарматова Президент Садыр Жапаров абакта жатканда активдүү колдоочусу болгон. Жапаров октябрь окуяларында бийликке келгенден кийин анын саясатын кескин сындап келген. Ал бир канча күн мурда Кыргызстанга бир тууган агасын жерге берүү үчүн келип, кайра Орусияга кеткени Ош аэропортуна барган.




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus