Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

RSF тажик бийлигинен журналистти эркиндикке чыгарууну талап кылды

Баш кеңсеси Парижде жайгашкан "Чек арасыз кабарчылар" (Reporters Sans Frontières - RSF) уюму Тажикстандын бийлигинен 16 жылга кесилген, журналист жана "Ислам кайра жаралуу партиясынын" активисти Хикматулло Сайфуллозодага мунапыс берип, эркиндикке чыгарууну талап кылды.


Эл аралык уюмдун билдирүүсүндө Сайфуллозода 2015-жылдан бери түрмөдө отурганы, саламаттыгы начар экени белгиленген.


Тажик президенти Эмомали Рахмон өлкөсүнүн эгемендигинин 30 жылдыгын утурлай жазага тартылгандарга мунапыс жарыялаган. Ага ылайык, 16 миңден ашуун киши тизмеге кирип, анын 11 миндейи эркиндикке чыгат.


"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Жан Кавелье "Сайфуллозода саясий жүйөдөн улам кесилген, ал дагы 10 жыл абакта отурушу керек. Темир тор артында адам чыдагыс шарттарга кабылды. Мунапыс берип, эркиндикке чыгаруу анын өмүрүн сактап калмак. Азыр анын коомго жана бийликке эч кандай коркунучу жок" - деп билдирди.


70 жаштагы Хикматулло Сайфуллозодага быйыл июнда түрмөнүн ооруканасында жүрөгүнө операция жасалган. Анын жубайы өп-чап турмуштун айынан күйөөсүнө дары-дармек жеткире албай калганын "Азаттыктын" тажик кызматына айтып берген.


Сайфуллозода Тажикстанда тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу партиясынын" мүчөсү жана партиянын гезитинин редактору болгон. Ал 2015-жылдын сентябрь айындагы жаңжалга байланыштуу кармалып, сот 16 жылга эркинен ажыраткан.


2015-жылга чейин "Ислам кайра жаралуу партиясы" мурдагы советтик чөлкөмдө расмий катталган жалгыз диний партия болгон.




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus