Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Адвокат: Нарматова "бийликти басып алууга чакырык" жасаган деп шектелип жатат

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, активист Орозайым Нарматова бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган деп күнөөлөнүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Сейитбек Довлотов билдирди.


“Нарматова менен телефондон сүйлөшкөнгө үлгүрүп калдым. Ал “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык таштаган” деген күнөөнү коюп жатат” деди. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүлөрүнөн сурасам тапшырма Бишкектен келген экен. Кечээ Бишкектин Биринчи май райондук соту Орозайымдын жанындагы буюмдарды алып текшерүү тууралуу токтом кабыл алыптыр”, - деди Довлотов.


Активист Орозайым Нарматованы 10-сентябрда таңга маал Ош аэропортунан укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармап кеткенин "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын Ош облусундагы өкүлү Замир Шамшидин уулу "Азаттыкка" кабарлаган. Ал Нарматованы соттун чечими менен Бишкекке автоунаа менен алып кетишкенин айткан.


Ички иштер министрлиги (ИИМ) анын кармалышы боюнча маалымат такталып жатканын билдирди.


Орозайым Нарматова Орусияда иштеген эмгек мигранты. 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын алдыңкы ондук тизмесине кирип, шайлоого катышкан.


Бир кезде президент Садыр Жапаровдун активдүү колдоочусу болгон. Жапаров октябрь окуяларында бийликке келгенден кийин анын саясатын кескин сындай баштаган. Ал бир канча күн мурун Кыргызстанга жакын тууганын жерге берүү үчүн келип, кайра Орусияга кетүү үчүн Ош аэропортуна барган. (BTo/DU)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus