Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Нарматованын кармалышын айрым саясатчылар айыптады

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева активист Орозайым Нарматованын камалышы бийликтин аброюн түшүрөт деп билдирди. Ал бул тууралуу Facebook баракчасына жазды.



"Орозайым Нарматованы кармап кетүү - уят жана бийликтин аброюн болуп көрбөгөндөй түшүрөт. Орозайым - мыкты саясатчы, өзүнүн позициясы бар. Ушундай адамдар саясатта болушу керек жана парламентке келиши керек. Эң негизгиси анын кармалышы мыйзамсыз жана коюлуп жаткан күнөө суу кечпейт", - деп жазган.



Активисттин кармалышын Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев дагы айыптаган. Эл өкүлү муну чектен чыккан иш деп эсептейт жана тез арада бошотууну талап кылган.



"Жалгыз агасын жоготуп, кан жутуп, мекенине келген кызды аэропорттон кармап, күч менен алып кетишкени эч бир салтка, адамгерчиликке жатпай турган көрүнүш. Ал коркунучтуу кылмышкер эмес. Кыргызстанда миллиондогон коррупциялык иштерге шек саналгандар ээн-эркин сайрандап жүргөндө активисттин "жети түндө" аэропорттон күч менен кармалышы укук коргоо органдарына, бийликке абийир алып келбейт", - деп жазган саясатчы өзүнүн Facebook баракчасына.


Активист Орозайым Нарматованы 10-сентябрда таңга маал Ош аэропортунан укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармап кеткенин "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын Ош облусундагы өкүлү Замир Шамшидин уулу "Азаттыкка" кабарлаган.


Нарматова Жазык кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык” беренеси менен шек саналып жатканын “Азаттыкка” анын адвокаты Сейитбек Довлотов билдирди.


Активист Орозайым Нурматованы бүгүн, 10-сентябрда таңга маал Ош аэропортунан укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармап кетишкенин "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын Ош облусундагы өкүлү Замир Шамшидин уулу "Азаттыкка" кабарлаган. Ал Нарматованы соттун чечими менен Бишкекке автоунаа менен алып кетишкенин айткан.



Орозайым Нарматова Орусияда иштеген эмгек мигранты. 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын алдыңкы ондук тизмесине кирип, шайлоого катышкан.



Бир кезде президент Садыр Жапаровдун активдүү колдоочусу болгон. Жапаров октябрь окуяларында бийликке келгенден кийин анын саясатын кескин сындап келген. Ал бир канча күн мурун Кыргызстанга жакын тууганын жерге берүү үчүн келип, кайра Орусияга кетүү үчүн Ош аэропортуна барган. (КЕ)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus