Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

УКМК: көмүскө акча ташууга шек саналган эки жаран кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 59,5 миллиард сомду Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарып кетүүгө аракет кылган эки жаранды кармады. Маалыматка ылайык, колго түшкөн адамдар адалдоо максатында акчаны Кытайдагы банктарга которуп турган.


УКМК бул ишке катыштыгы бар башка да шектүүлөрдү издеп жатат.


Атайын кызмат быйыл март айынын башында сөз болуп жаткан фактыны Жазык кодексинин 319-беренеси (“Коррупция”) боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган.


Анын алкагында шектүү катары ошол кездеги Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматынын (Финансы полициясы) Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жетекчиси К.Н. кармалган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Шектүүгө кылмышты жашыруу үчүн схеманы түзгөндөрдөн 180 миллион сом өлчөмүндө пара алган деген айып тагылган.


“Азаттык” радиосу бир нече массалык маалымат каражаттары менен бирге сыртка мыйзамсыз ташылган акча жөнүндө иликтөөлөрдү жарыялап келет. Алардын биринде Түркияда өлтүрүлгөн кытай жараны Айеркен Саймаити көзү тирүүсүндө өзүн журналисттерге "акча адалдоочу адис болгом" деп тааныштырып, Кыргызстандан кеминде 700 миллион доллар адалдап кеткенин билдирген. (MiK)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus