Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Ош: Шайлоо үчүн жооптууларга каршы Башкы прокуратурага арыз жазылды

Ош шаардык кеңешине шайлоого катышкан “Улуу Журт” саясий партиясы шайлоону уюштурууга жооптууларга каршы Башкы прокуратурага арызданды. Бул тууралуу 18-майда “Азаттык” радиосуна партиянын төрагасы Мирлан Орозбаев билдирди.


Натыйжада жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоону уюштурууга салык төлөгөн элдин акчасы кеткенин айткан Орозбаев “Шайлоо учурунда өз милдетин жакшы аткарбаган же өзүнүн кызыкчылыгы үчүн ашыкча аткарган аткаминерлерге иш козголуп, жоопко тартылышы, иштен кетиши” керектигин айтууда:


“Себеби ошол эле аткаминерлер отурганда таза шайлоо өтүшүнө көзүбүз жетпейт. Айрыкча Ош шаарынын мэри. Буга чейинки шайлоолордо да административдик ресурсту одоно колдонушту. Ошондой болбошу үчүн алдын ала ушундай кадамга бардык”.


Ош шаардык кеңешине тогуз партия ат салышып, төртөө өткөн. Алар: “Ата-Журт Кыргызстан”, “Улуттар биримдиги”, “Ынтымак”, “Ыйман-Нуру”. Алты партия - “Улуттар биримдиги”, “Ишеним”, “Улуу Журт”, “Республика”, “Бир Бол” жана “Бүтүн Кыргызстан” жыйынтыкка нааразы болуп, президентке кайрылуу жолдошкон. Алар "шайлоо ыплас өттү" деп Ош шаардык мэриясы мыйзам бузууга барганын айтышкан жана мэр Таалайбек Сарыбашевдин жоопкерчилигин карап чыгууну талап кылышкан.


Мэр Таалайбек Сарыбашев өзүнүн дарегине айтылган айыптоолорду четке кагып, “Мэр катары баарына калысмын. Эгер бирөөндө мен административдик ресурс колдонгон, элди үгүттөгөн факт болсо берсин, моюнга алам. Мен калыс бойдон турам деп сөз бергем, убадамды аткардым. Ар бир партия өзүнүн колунан келишинче иштеди” деп билдирген.


Кыргызстанда 11-апрелде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Добуш берүүнүн жыйынтыгына байланыштуу нааразылыктардан улам Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине шайлоо жокко чыгарылган. (RK)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus