Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Бир нече партиянын өкүлдөрү кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылууда (видео)

Бишкекте шайлоонун жыйынтыгына нааразы партиялардын өкүлдөрү Борбордук шайлоо комиссиясынын алдына митингге чыгышты.


"Бүтүн Кыргызстан", "Коммунисттер", "ДДК", "Тынчтык", "КСП", "Улуу Журт", "Бийлик элге", "Жашылдар" партиясынын ондогон тарапкери "бир катар одоно мыйзам бузуулар болду" деген негизде башкалаадагы добуш берүүлөрдүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышууда.


Ошондой эле кайрадан шайлоо жарыялоо керектигин айтып жатышат.


Президент Садыр Жапаров, башкы прокурор Курманкул Зулушевге, БШК төрайымы Нуржан Шайлдабековага Бишкектеги шайлоо жыйынтыгын четке кагууну өтүнгөн кайрылуу даярдалып жатканын митингдин алып баруучусу, "Коммунисттер" партиясынын мүчөсү Амантур Манакбаев маалымдады.


Боршайкомдун мүчөсү Акылбек Сариев ар бир жаран өз оюн билдирүүгө укуктуу экенин, нааразы тарап мыйзам бузуулар боюнча жыйынтык чыккандан кийин эмес, убагында кайрылса болмок деген оюн билдирди.




11-апрелдеги шайлоодо Бишкек шаардык кеңешиндеги 45 мандат үчүн 25 партиянын талапкерлери ат салышты. Баштапкы жыйынтык боюнча, алты партия 7% чектен өттү. "Эмгек" партиясы 9 мандат, "Ак Бата" 8, НДПК 8, "Ата Журт Кыргызстан" 7, "Ынтымак" 7, "Биздин эл" 6 мандат алышы мүмкүн.


Жекшемби күнү Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо болду. Ушул эле күнү президенттик башкарууга багытталган Баш мыйзамдын долбоору жалпы элдик добушка коюлду. Ага шайлоочулардын 37% ашыгы гана келип, 79% ашыгы "макул" деген добуш беришти.



Боршайкомдун билдирүүсүндө, шаардык кеңештерге мандаттар пропорционалдуу система менен бөлүштүрүлөт.



Азыркы учурга чейин 98% шайлоо тилкелерден маалымат келди. Добуштарды саноо уланып жатат. Ага жараша жыйынтыкта өзгөрүү болушу мүмкүн. (NT/AiB)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus