Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Орок айылдык кеңешиндеги аялдар квотасына нааразылык иликтенет

Чүйдүн Сокулук районундагы Орок (Төмөнкү Орок) айылында айрым эркек талапкерлер жергиликтүү кеңештердеги аялдардын 30% квотасына каршы чыккан окуя териштирилип жатат. Бул тууралуу аталган райондун акими Аманкан Кенжебаев “Азаттыкка” кабарлады.


“Ар айылга 30% аялдарга квота бөлүнүп берилген. Анан ал жерде эки эркек талапкер көбүрөөк добуш алыптыр. Алар "эмнеге бизден аз добуш алган аялдар өтүп кетип жатат" деп маселе кылыптыр. Мыйзам боюнча бөлүнгөн квота бар”, - деди Кенжебаев.


Орок айылында 10 миңдей киши жашайт. Айылдык кеңеште 21 мандат бар. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, алардын жетөө аял болушу керек.


11-апрелде kloop.kg сайтынын байкоочулары Ороктогу шайлоо тилкесинде эркектер аялдардын квотасына нааразы болуп жаткан видеосун жарыялаган.




Айылдык кеңештерде аялдарга 30 пайыздык квота каралган мыйзам 2019-жылы кабыл алынган. Мындай эреже быйыл жергиликтүү шайлоолордо алгачкы ирет колдонулду. 11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоого 5388 аял талапкер катталган. Бул жалпы катталган талапкерлердин төрттөн бир бөлүгүн түзөт.




Буга чейин президент Садыр Жапаров мыйзам аркылуу аялдарга берилген квотаны кубаттай турганын билдирген жана жергиликтүү деңгээлде чечим чыгарууда гендердик теңчиликти камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүлөрүн убада кылган.


Эки жыл мурун Ысык-Кѳл облусунун Саруу айылдык кеңешинде дагы эркек талапкерлердин аял атаандаштарына нааразы болгон окуя катталган жана бул коомчулукта кызуу талаш-талкуу жараткан.


Кыргызстанда ушул тапта аялдардын саны 3 миллион үч жүз миңден ашат. Аялдар шайлоочулардын жарымынан көбүн, тагыраагы 52% түзөт. (TSh)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus