Ташкент: бийлик шаарды көрнөк-жарнактан тазалап жатат
“Хумо Медиа” жарнак агенттигинин башчысы Савелий Соколов Ташкенттин башкы көчөлөрүнө илинген анын агенттигине караштуу үч жүздөн ашуун жарнак баннерлери алынып салынганын айтып, муну мыйзамсыздык деп атады:
“Кечээ түнү өрткө каршы күрөшүү кызматы, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана шаардын акимчилигинин кызматкерлери президенттик трассадагы баннерлердин бардыгын алып салышты. Алар муну “биринчинин өзүнүн буйругу” деп айтышты. Бирок себептерин түшүндүрүшкөн жок.” – деди Соколов.
Азыркы мезгилде Ташкент шаарынын Юнусабад, Чиланзар жана башка райондорундагы көчөлөрдө да илинген жарнак баннерлерин алып салуу иштери жүрүп жатканы кабарланды.
Шаар бийлиги буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.