Добавить новость

Конфликт Израиля с Ираном: ждать эскалации или перемирия

Рублю нужен пожар

Учитель Юлия Никитина из Лобни вошла в топ-30 всероссийского конкурса мастерства

Искусство там, где не ожидаешь

World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Абдирасулова: Ирактан келген балдардын таржымалы айтылбашы керек

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова - “Кылым шамы” уюмунун атынан Сириядагы, Ирактагы согуш аймактарда жүргөн аялдарды, балдарды Кыргызстанга кайтаруу жаатында иш жүргүзгөндөрдүн бири. Ал кыргыз бийлигинин Кувейт элчилиги жана ЮНИСЕФ уюму менен биргелешип, Ирактагы 79 баланы кайтаруусун кубаттады.


- «Кылым шамы» уюму эки жыл бою аялдар менен алардын балдарынын канчасы Сирия лагерлеринде, канчасы Ирак түрмөлөрүндө отурат – базаларын чогултуп, алардын Кыргызстандагы жакындарын таап, байланышта болуп турганбыз. Чогулткан маалыматтарды омбудсмен аркылуу Тышкы иштер министрлигине бергенбиз.


Мисалы, мен укук коргоочу Дмитрий Козак менен бир апта Казакстанга барып иликтөө жүргүздүк. Расмий Астана кандай иштерди алып барып жатат, тууган-уруктары менен кандай иштешти, балдарды кандай алып чыкты, атайын операцияда кандай кыйынчылыктарга кабылды, Тажикстандын операциясы кандай өттү, кандай мүчүлүштүктөр болду, Өзбекстан 156 адамды биринчи жолу алып чыкканда Бакуга конуп, кандай кыйынчылыктарга кабылды – ошол маалыматтардын бардыгын өкмөттүн расмий өкүлдөрүнө берип турдук. Бирок, ошол убактагы бийликтин саясий эрки болбоду.


 




- Ирактан 79 баланы үч тарап биригип алып келиптир. Алар - Кыргызстандын бийлиги, Кувейттеги элчилик жана БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ-ред.). Ошол 79 бала толук көрсөткүч болбосо керек. Силердин эки жылдык эсебиңер боюнча канча бала бар эле?


- “Кылым шамынын” эсеби боюнча Ирактын түрмөсүндө 88 бала болуш керек эле. Балким жаңылып, кайталап санап алышыбыз да, Ирактын башка түрмөсүндө калышы да мүмкүн. Багдаддан башка түрмөдө да кыргызстандык аялдар кармалып турат, балким биз айтып аткан тогуз бала ошол жакта болуп калышы да мүмкүн. Так айта албайм.


- Сирия боюнча да иликтеп жүрөсүңөр. Сирияда жагдай кандай? Кыргызстандык канча жаран бар?


-Албетте так маалымат жок. Биздин эсебибиз боюнча 65-70 келин-кыз жана алардын балдары бар. Булар эки лагерде эле. Бирөө жок болуп кетти. Азыр алар “Аль-Хол” лагеринде.


 




- Булар кайсы учурда барып кайта албай калган жарандар болуп атат? Кийинки учурда баргандар деле азайды да.


- Акыркылар 2014-жылы кетишкен. 2015-жылдан баштап токтогон. Көп кеткендер 2012-2014-жылдарга туура келет. Жалпысынан буларды беш категорияга бөлүп жүрөбүз. Аялдардын арасында берилип кеткен радикалдар, күйөөлөрүн ээрчип, мажбур кеткендер, окууга деп алдангандар, балдарын алып келет элек деп артынан кетип, кайта албай калгандар бар. Орусиядагы мигранттар арасында андан ары жумуш издеп, алданып кеткендер бар. Булардын баарын эле колуна курал алгандар деп күнөөлөөдөн алысмын. Кыргызстанга келгенден кийин жергиликтүү мыйзамдар иштеши керек. Иликтеп, жоопкерчилиги болсо албетте, жоопко тартылышы керек. Бирок, эң негизгиси мамлекет реабилитацияга жардам бериши керек.


- Ирактан келген балдар кандай жардамдарга муктаж? Мисалы, бийлик, коомчулук кандай кол кабыш кыла алат?


- Жардам көп тараптуу болушу шарт. Эң биринчи жардам -  документтерин калыбына келтирүү. Мисалы, бул жактан кеткен балдардын документтери сакталып калган эмес. Ошол жакта төрөлгөн балдарга, мисалы, Казакстан айылын атап отурбай эле туулган жери Казакстан деп жазылган документ беришти. Бизде деле саясий эрк менен ошондой документтештирсе болот. Ар тараптуу медициналык кароодон өткөрүп, ден соолугун караш керек.


 




Үчүнчүдөн, коомго адаптация кылыш керек. Мен билгенден лагердегилер деле, түрмөдөгүлөр деле өз эне тилин, кыргыз тилин жакшы билишет. Ошентсе да коомго, тилге көндүрүш керек.


Эң негизгиси -алардын коопсуздугу. Булардын ким экендиги тууралуу маалыматты коомго жайылтууга болбойт. Коом куугунтуктабай, тескерисинче, ордун тапканга жардам бериши керек. Үй-бүлөлүк жашоого акырындык менен көндүрүш үчүн булар түрмөдө калган апасы тараптан, атасы тараптан туугандарына барышы керек. Булардын айрымдары - апалары менен чогуу төрт жылдап түрмөдө отургандар.


- “Кылым шамы” аялдарды да алып келиш керек деп келатпайбы. Бизде кандай мүмкүнчүлүк бар?


- Бизде кыйынчылык болот. Ирак менен бизде Минск, Кишинев конвенциялары сыяктуу келишимдер жок. Ошондой келишимдердин жаңы формаларын түзүп, жаңы сүйлөшүүлөргө барыш керек. Аялдарды алып келсе, эне-бала маселеси чечилип калат. Эне деген эне, бала деген бала да. Бирок, бул бир күндө чечилбей турган маселе.


Бул, албетте, мамлекетке оор болот. Жеңил эмес миссия. Жоопкерчилик бар. Бирок, мен ыраазычылык билдирем. Үч жылдан бери кимдерге гана кайрылбадык. Саясий эркти көрсөтсө болот экен го. Ушуну бийлик акырына чейин чыгарат деп үмүт кылам. Эгер биз тараптан кандай жардам керек болсо, кол кабыш кылууга даярбыз.


Бул эки жыл мурун жасалыш керек эле. Ошол учурда акча да табылмак, мүмкүнчүлүк бар эле, пандемия жок болчу. Биз бир жарым, эки жылга кечиктик. Ошентсе да иштин башталышы жакшы.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Петь то, что нравится. В Юго-Западном округе в рамках «Московского долголетия» занимается хор «Ясный день»

Один человек погиб при пожаре в поселке Марушкинское в Новой Москве

Лавров и Ван И опубликовали в прессе статьи о сотрудничестве Москвы и Пекина на международной арене

Российские ракеты управляются американскими чипами – Bloomberg

Музыкальные новости

«Обострял, пытался играть в шоу-бизнесмена»: Дмитрий Губерниев рассказал в «УТРО.ТНТ» о впечатлениях от Жени Ершова

Последняя выпущенная песня Вячеслава Добрынина “Родная Земля”, исполненная Сергеем Арутюновым и Львом Лещенко, навсегда сохранит память о великом композиторе

115 школ от Калининграда до Владивостока. Как «Динамо» построило лучшую региональную сеть в стране

Доброта начинается с малого: сотрудники предприятий холдинга «Швабе» сдали более 60 литров донорской крови

Новости России

Рублю нужен пожар

Новые дороги России: что и где строится в 2024 году

Один человек погиб при пожаре в поселке Марушкинское в Новой Москве

Искусство там, где не ожидаешь

Экология в России и мире

Лауреаты Конкурса Чайковского из России и США впервые объединятся в Санкт-Петербурге

Токсиколог Кутушов назвал дефицит магния причиной проблем с пищеварением

Магия зеркал

Токсиколог Кутушов объяснил, что делать, если разбили ртутный градусник

Спорт в России и мире

Пегула выбила Кудерметову с турнира WTA в Пекине

Сизикова не смогла выйти в 1/4 финала турнира WTA в Пекине в парном разряде

Медведев пожаловался на применение Hawk Eye на турнире ATP в Пекине

Хачанов обыграл Черундоло и вышел в четвертьфинал турнира ATP в Пекине

Moscow.media

Катались на питбайке и переломали ноги

Из реки около моста выловили тело мужчины

Bluetooth-сканер штрих-кодов SAOTRON P04 на базе CMOS-матрицы

В аварии с фурой погиб водитель "Соляриса"











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Искусство там, где не ожидаешь

Конфликт Израиля с Ираном: ждать эскалации или перемирия

В Подмосковье мальчик заработал переломы в картинг-клубе

Петь то, что нравится. В Юго-Западном округе в рамках «Московского долголетия» занимается хор «Ясный день»