Добавить новость

Кажетта Ахметжанова: почему нельзя сидеть на углу стола

ООО «Концепции безопасности» устанавливает домофоны и видеодомофоны в Сочи, Москве и Московской области

Оконная рама пролетела 50 метров: последствия взрывов в доме на севере Москвы попали на видео

Предприниматель Станислав Кондрашов советует разжигать любопытство в своей аудитории

World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

8-март: Пандемия гендердик теңсиздикти күчөттү

Германиянын канцлери Ангела Меркел COVID-19 пандемиясы аялдардын түйшүгүн көбөйтүп койгонун айтып, чыныгы гендердик теңчиликти камсыз кылууга чакырды. 8-март  – Айымдардын эл аралык күнүнө карата БУУ да дүйнө өлкөлөрүн аялдардын укугун коргоого үндөдү.


Европадагы гана эмес, дүйнө жүзүндөгү эң таасирдүү айымдардын бири атыккан Ангела Меркел 8-марттын алдындагы видео кайрылуусунда Германияда пандемия башталгандан бери аялдардын түйшүгү көбөйгөнүн айтты. Ал COVID-19 пандемиясы аялдар менен эркектердин ортосундагы теңчиликти камсыз кылуу багытындагы буга чейинки жетишкендиктерге шек келтирип жатканын билдирди.


“Пандемия биз эбак жеңип чыктык деп ойлогон эски гендердик маселелерди кайра жаратпашы керек. Кайрадан эле көбүнесе аялдар балдарды үйдөн окутуунун, аларга кам көрүүнүн жана өз жумушун аткаруунун ортосундагы тең салмакты табууга аргасыз болуп жатат”, – деди Ангела Меркел 6-марттагы кайрылуусунда.




Аял дарыгерлердин абалы оор

Немис канцлеринин айтымында, дарыканаларда, ооруканаларда жана лабораторияларда иштегендердин 75 пайызын аялдар түзөт. Бирок бул тармактардагы жетекчилик кызматтарда иштегендердин 30 пайызы гана аялдар.




Меркел аялдар коомдо чечүүчү ролду ойноп жатканына карабай, медицинада гана эмес саясатта, бизнесте жана башка тармактарда чечим кабыл алууга катыша албай жатканын “кабыл алынгыс” жагдай деп мүнөздөдү.


Ал бул маселени чечүү үчүн Германиядагы ири компаниялардын директорлор кеңешинде кеминде бир аял болушу керек деген эреже киргизилип жатканын билдирди. Ал, ошондой эле, чыныгы теңчиликти камсыз кылуу зарылдыгын, ал үчүн аялдар менен эркектердин эмгек акыларынын ортосундагы айырмачылыкты жоюу керектигин баса белгиледи.


"Бизге коомдун бардык чөйрөсүндө паритет керек. Анын ичинде аялдар эркектер менен бирдей эмгек акы алышы кажет", – деди Меркел.




Меркелдин билдирүүсүнүн алдында Европа комиссиясы да Евробиримдиктеги гендердик теңчилик тууралуу баяндамасын жарыялаган. Ал баяндамада да коронавирус пандемиясы аялдардын абалын оорлоштуруп койгону белгиленген.




Маселен, коронавирус менен түздөн-түз алпурушкан медициналык кызматкерлердин 76 пайызын аялдар түзгөндүктөн, пандемия маалында аял медиктердин иши эселеп көбөйгөн.


Ошол эле учурда аялдар коронавируска байланыштуу чечим кабыл алуу жүрүмдөрүнө эркектерге салыштырмалуу аз катышкан.


“Дүйнөнүн 87 өлкөсүндө, анын ичинде Европа Биримдигине мүчө 17 мамлекетте СОVID-19га каршы улуттук штабдардын 85,2 пайызын эркектер жетектейт”, – деп айтылат Еврокомиссиянын билдирүүсүндө.




Зомбулук жана жумушсуздук

Ошондой эле Европа комиссиясынын баяндамасына ылайык, аялдар соода, кызмат көрсөтүү жана социалдык кызматтарда көп иштегендиктен, пандемия маалында жумушсуздук маселесине көбүрөөк туш болушту.


Карантин жумшарган кезде да аялдар үчүн жумушка кайра орношуу оңойго турган эмес. Маселен, 2020-жылдын үчүнчү жана төртүнчү токсондуктарынын ортосунда Европада эркектер арасындагы жумушсуздук 1,4 пайызга кыскарса, аялдар арасындагы көрсөткүч 0,8 пайызга гана азайган.




5-мартта жарыяланган баяндамага ылайык, пандемия башталгандан бери Европада үй-бүлөлүк зомбулук күчөгөн. Үй-бүлөдөгү чыр-чатак Францияда карантиндин алгачкы жумасында эле 32 пайызга, Литвада алгачкы үч жумасында 20 пайызга көбөйгөн.


Ал эми карантин маалында аялдар балдарына кам көрүү үчүн жумасына эркектерге караганда эки эсе көп убакыт же орточо 62 саат сарпташкан.


Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда да аялдарга карата зомбулук күчөгөнүн расмий мекемелер ырасташкан. Маселен, былтыр Ички иштер министрлиги үй-бүлө зомбулугу 65% көбөйгөнүн билдирген. Өткөн жылы өлкөдө 20дан ашык аял ар кандай зомбулуктан мерт болгон эле.




Мындай окшош маселелерден улам Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы жыйынынын президенти Волкан Бозкыр 8-марттын алдындагы кайрылуусунда дүйнө өлкөлөрүн гендердик теңчиликти камсыз кылууга, аялдардын чечим кабыл алуу жүрүмдөрүнө катышуусуна шарт түзүүгө чакырды.




“2021-жылга карата дүйнөдөгү сабаты жоюла элек адамдардын үчтөн экисин аялдар түзөт. Санариптик тоскоолдуктардан улам дагы көп аял артта калуу коркунучунда калды. Эмгек базарында сегрегация бар. Айлык акыда да айырмачылык кала берүүдө. Үйдөгү “экинчи нөөмөт” атыккан акы төлөнбөгөн жумуштун көбү аялдардын мойнунда. Бул COVID-19 пандемиясынан улам үйдөн иштеген аялдарга тоскоолдук жаратууда. Карантин маалында жабык эшик артында гендердик негиздеги зомбулук өкүм сүрүп жатты”, – деп билдирди Бозкыр.


Анын айтымында, Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө мамлекеттердеги парламент депутаттарынын 25 пайызын гана аялдар түзөт. Ошол эле учурда дүйнө жүзүндө 2,5 миллиарддан ашуун аял ар кандай дискриминациялык мыйзамдардын басымы астында жашап келишет.




Дүйнөлүк экономикалык форумдун 2018-жылкы рейтингинде аялдардын укугу эң жакшы корголгон мамлекеттердин башкы сабына Исландия, Норвегия жана Финляндия чыккан.




Бул рейтингде аялдардын билим алууга болгон укугу, экономикалык мүмкүнчүлүктөрү, саламаттыгы жана саясаттагы ролу эске алынган. Рейтингде Кыргызстан 150дөй мамлекеттин ичинен 93-орунга ээ болгон. Украина 59-, Казакстан 72-, Орусия 81-, Тажикстан 137-саптан орун алган.


Эл аралык уюмдун рейтингинде аялдардын укугун коргоо багытында Батыш Европа өлкөлөрү алдыга чыкса, Жакынкы Чыгыш жана Түштүк Африкадагы мамлекеттер эң акыркы орундарды ээлешкен.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Росгвардия в Кузбассе обеспечила безопасность участников масштабных спортивных событий

Первый проект от BMS Development Group станет экополисом в окружении зеленых исторических деревьев

История автомобильного бренда TANK: кому принадлежит

Banyan Tree Vabbinfaru: экологичная роскошь

Музыкальные новости

Собянин: Москва является одним из самых умных и технологичных городов мира

Лауреаты Конкурса Чайковского из России и США впервые объединятся в Санкт-Петербурге

Будет ли у Казахстана матч с соседом? Решение за Черчесовым

Первую ракетку мира подводят под срок // Всемирное антидопинговое агентство будет добиваться дисквалификации Янника Синнера

Новости России

Пункты серопрофилактики в Томске завершают работу с 1 октября

В Москве более 19 тысяч светильников заменили на светодиодные

Росгвардия в Кузбассе обеспечила безопасность участников масштабных спортивных событий

История автомобильного бренда TANK: кому принадлежит

Экология в России и мире

Ann Demeulemeester, коллекция весна-лето 2025

Hilton Seychelles Northolme: с любовь к овощам

Токсиколог Кутушов рассказал, как не запутаться в витаминах D и D3

Лауреаты Конкурса Чайковского из России и США впервые объединятся в Санкт-Петербурге

Спорт в России и мире

Сафиуллин проиграл Синнеру и не смог выйти в четвертьфинал теннисного турнира в Пекине

Павлюченкова объявила о досрочном завершении сезона

Янник Синнер не приедет на турнир ATP-500 в Вену

Шнайдер проиграла Френх в третьем круге турнира WTA в Пекине, взяв сет под ноль

Moscow.media

В Ленинском районе Крыма проверили бывших мигрантов, не вставших на воинский учет

SIMETRA разработает транспортную модель дорожной развязки в Чебоксарах

Стоит ли отдавать ребенка в частную школу?

Чуйские зигзаги











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Температура в октябре в Центральной России превысит норму на 2–3 градуса

Костромской актёр Роман Курцын стал «Человеком года-2024»

История автомобильного бренда TANK: кому принадлежит

Концерт к 150-летию Чарльза Айвза: Американская классика в «Зарядье»