Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Аксы районунун акими болуп Жыргалбек Шакиев дайындалды

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акими болуп Жыргалбек Шакиев дайындалды.


Тиешелүү буйрукка премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы 5-январда кабарлады.


«Бийкомпакт» ишканасынын директорунун орун басары деген Жыргалбек Шакиев 41 жашта. Ал былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо «Мекенчил» партиясынан талапкер болгон. 


Аксы районунун мурдагы акими Эсеналы Ормоналиев 4-январда нааразылык акцияларына байланыштуу арызын жазганы маалымдалган.


2020-жылдын 7-октябрында Аксы районунун борбору Кербен шаарында акимди кызматтан кетирүүнү талап кылып чогулгандар менен аны колдогон тараптын митинги жапырт мушташ менен коштолгон. Мушташта катуу жабыркаган 41 жаштагы Уланбек Жаманкулов 20 күндөн кийин ооруканада каза болгон. Окуяда алты киши жабыркаган.


Милиция тополоңду уюштурууга шектүүлөрдүн бири катары Кутман Шадыбековду камакка алган. Кийин анын жакындары Тургун Шадыбеков менен Жылдыз Шадыбеков да кармалган.


2-январдан бери Жалал-Абад шаарында жана Аксы районунда Шадыбековдун тарапкерлери нааразылык акциясына чогулуп, жол тосууга чейин барышкан. Алар ишти калыс иликтебей жатат деген негизде, райондук милиция башчысын жана акимди кызматтан алууну, Шадыбековду үй камагына чыгарууну талап кылышкан.


4-январда ички иштер министринин буйругу менен райондук милиция башчысы Шекербек Таңгиров ээлеген кызматынан бошотулду. 


Экинчи тарап Шадыбековдор райондогу кадр саясатына кийлигишип, ар кандай чагымдарды уюштуруп келгенин, октябрда Бишкектеги башаламандыктан пайдаланып акимди кетирип, өз кишисин коюу максатында эл чогултканын айтып жатат.


Кандуу окуяда жабыркаган тарап милицияга ишеним көрсөтпөгөндүктөн, ишти атайын кызмат иликтөөдө. (NT) 




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus