Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Ош шаардык соту Тилек Матраимовду бошотуп, айыпка жыкканы эки айдан кийин белгилүү болду

Ош шаардык соту 2020-жылдын 22-октябрдагы өкүмү менен Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимовду үй камагынан чыгарып, айыпка жыкканын 5-январда кабарлады.


Маалыматка караганда, шаардык сот мурдагы аким Матраимовду «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 220 миң сом айыпка жыккан.


Ош шаардык сотунун басма сөз кызматы эки ай мурдагы чечим тууралуу убагында маалымат берилбегенин аны өздөрү да кеч тактаганы менен түшүндүрдү.


Былтыр 9-октябрда Ош шаардык сотунун чечими менен Тилек Матраимов бир айга камакка алынган.


13-октябрда сот Тилек Матраимовду үй камагына бошотуу боюнча чечим чыгарган.


Тилек Матраимов жана анын туугандары, жансакчысы 6-октябрда Өзбекстандын чек арасынан өтүүгө аракет кылган жеринен кармалганын УКМК кабарлаган.


9-октябрда Өзбекстандын Чек ара кызматы Тилек Матраимовду жана аны менен кошо чек арадан өтүүнү көздөгөн Зиябиддинбек Кочкорбаевди, Махсуд Ахмедовду Кыргызстандын күч түзүмдөрүнө өткөрүп бергени маалым болгон.


Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун жана Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууганы Тилек Матраимов сегиз жылдан бери Кара-Суу районун башкарып келген. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү октябрда Матраимов кызматтан кеткенин билдирген.


Ал өзү парламенттик шайлоонун алдында ден соолугуна байланыштуу убактылуу эс алууга кеткенин жарыялаган. (DU)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus