Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Сауд Арапстан Катар менен чек арасын кайрадан ачты

Дүйшөмбү күнү (4-январда) кечкурун Сауд Арапстан өзүнүн Катар менен кургактыктагы, аба мейкиндигиндеги жана суудагы чек арасын кайрадан ачты. 2017-жылдан бери, б.а. үч жылдан ашуун убакыт коңшу өлкөлөрдүн чек арасы жабык бойдон келген.


Эки өлкөгө арачылык кылган Кувейттин Тышкы иштер министри бул тууралуу расмий маалымдады. 5-январда Катардын эмири Сауд Арапстандын ал-Ула шаарында өткөрүлүп жаткан Булуңдагы арап өлкөлөрүнүн жана Египеттин саммитине катыша тургандыгы да кабардалды.




Катар эмири Тамим бин Хамад Аал-Тани (Tamim bin Hamad Al Thani) бул саммитке катыша тургандыгын тастыктаганын "ал-Жазира" медиа компаниясы 4-январда билдирди.


Булуң Кызматташтыгы Кеңешинин саммити маалында Сауд Арапстан, Бириккен Арап Эмирликтери, Бахрейн жана Египет кайрадан Катар менен мамилелерди жакшыртуу тууралуу келишимге кол коюшаары күтүлөт. Бул расмий жөрөлгөгө саудиялык падыша Салман ибн Абдул-Азиз ас-Сауд өзү, ошондой эле АКШнын президенти Доналд Трамптын кеңешчиси жана күйөө баласы Жаред Кушнер баш болгон америкалык мартабалуу өкүлдөр да катышмакчы.




Төрт арап өлкөсү (Сауд Арапстан, Египет, Бириккен Арап Эмирликтери жана Бахрейн) 2017-жылы Катарды террорчулукту колдоп жатат жана иранчыл турумда болууда деп айыпташкан жана аны менен дипломатиялык алакаларын үзүп салган. Алар Катарга 13 талап коюшкан. (Арасында "ал-Жазира" каналын жабуу талабы да бар болчу). Катар бул талаптарды четке каккан жана аларга каршы сотко кайрылган соң, анын каршылаштары бул өлкө менен дипломатиялык мамилелерин убактылуу тоңдуруп салышкан болчу.


Кувейт менен АКШ болсо өз ара тирешкен тараптарды элдештирүүгө далаалат кылып келген. Эми Катар да шейшембиде кайра элдешип жаткан шериктери менен соттошуудан баш тартты. (TT)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus