Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Бишкекте активисттердин Конституцияны өзгөртүүгө каршы акциясы аяктады

Бишкекте 22-ноябрда жарандык активисттер уюштурган "Баш мыйзам үчүн!" деп аталган тынчтык жүрүшү бир жарым сааттай убакытка созулду. "Азаттыктын"кабарчысынын жана акцияга көз салган байкоочулардын божомолунда ага 400-500дөй адам катышты.


"Баштан башта" кыймылы демилге кылган акциянын катышуучулары Конституцияны өзгөртүүгө каршы экенин айтып, ушул өңүттө кыргызча жана орусча чакырыктар жазылган плакаттарды көтөрүп жүрүштү.


Жүрүшкө чыккандар Бишкектеги темир жол бекетинин алдында чогулуп, Эркиндик бульвары аркылуу борбордук аянтка барып, талаптарын айткан соң тарап кетишти.


Акцияга 10-январдагы президенттик шайлоодо ат салышарын билдирген саясатчылардан Каныбек Иманалиев, Садык Шер Нияз жана мурдагы акыйкатчы Кубат Оторбаев да катышты. Алар жаңы сунушталган Баш мыйзам жарандардын укуктарын чектеп, эл аралык коомчулук тааныбай турган документ болуп калуу ыктымалдыгы жогору экенин белгилешти.


17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоору жана аны референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Маалымат Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланып, демилгечилер 80 депутат экени айтылып, тизмеси жарыяланды.


Кийин айрым депутаттар демилгечиликтен баш тартканын айтып чыгышты. Кээ бирлери Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жазууга тиешеси жок экенин, аны көрбөгөнүн билдиришти.


Президенттин укуктары кеңейтилген долбоорду колдогондор эгер ал кабыл алынса, Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилеп жатышат, ал эми алардын оппоненттери өлкөдө авторитардык башкаруу орнойт деп кооптонууда.


Өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтоткон, президенттик шайлоодо ат салышарын билдирген Садыр Жапаров жарандык коомдун Баш мыйзамга байланыштуу сынына макул эмес.


Ал социалдык тармактарындагы баракчаларында «бул - диктатураны эмес, элдин кызыкчылыгын көздөгөн Баш мыйзамдын долбоору» деген пикирин жазган.


Долбоорду 20-ноябрда түзүлгөн Конституциялык кеңешме талкуулоого киришкен. (SE\AiB)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus