Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Улуу Британия менен Канада убактылуу соода келишимине кол коюшту

Улуу Британия менен Канаданын бийликтери британдыктардын Евробиримдиктен чыгуу маалында ыңгайлуу өткөөл түзө тургандай убактылуу соода келишимин түзүүгө жетишти.


Макулдашууда эки тараптуу жаңы келишим даяр болгонго чейинки өткөөл учурда учурдагы кызматташтык шарттары сакталып кала берээри тууралуу көрсөтүлгөн. 


Британиянын айтымында, азыркы тапта Канада менен анын соода жүгүртүүсү 22 жарым миллиард еврону түзөт. Болочокто бул эки өлкөнүн өз ара соода карым-катнашы мындан да жогорку чектерге жетиши ажеп эмес.


Улуу Британиянын Евробиримдиктен чыгуудагы өткөөл мезгилинин аякташына болгону алты аптадай убакыт калды: быйыл 31-декабрда өткөөл мезгил соңуна чыгат. Жаңы жылдан тартып Улуу Британия Евробиримдик башка мамлекеттер менен түзө турган макулдашууларга киргизилбей калмакчы.  


Улуу Британиянын өкмөтү Евробиримдиктен чыккандагы өзүнүн өлкөсүнүн тартчу зыяны бул ынтымакка кирбеген шартта дүйнө жүзүнүн өлкөлөрү менен өз алдынча эки тараптуу келишимдер түзүү аркылуу жетишилчү алда канча көп кирешеси аркылуу толукталаарына үмүт байлап келет.


Улуу Британия дүйнөнүн 53 өлкөсү менен "Брекзиттен кийинки" соода карым-катнашы жаатында эки тараптуу келишим түзүүгө жетишти (алардын арасында Жапония да бар).


Брекзитке чейин Улуу Британиянын Евробиримдик менен тышкы соода байланышы анын жалпы дүйнөлүк соода жүгүртүүсүнүн 47 пайыздайын түзүп келди. Бирок азырынча Британия  өзүнүн негизги соода шериги - Евробиримдик менен болочокку соода алакалары боюнча келишимге жетише элек. 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus