Беларустун борбору Минск шаарында Александр Лукашенконун бийликтен кетишин талап кылган нааразылык жыйындары жекшембиде да улантылууда. Лукашенко да, оппозиция да өз турумдарында кала берип жатканы бул күнү да айгинеленди.
22-ноябрда демонстранттар Минск шаарынын ар башка бөлүктөрүндө чогулушту. Алар "Жашасын Беларус!" деп ураан чакырып, өлкөнүн кызыл жана ак түстөгү тарыхый желегин көтөрүп чыгышты.
Минскинин борборундагы бир метро бекетинин жанында аларды полиция жаш агызчу граната ыргытып тосуп алды. Башка бир жерде беткапчан коопсуздук кызматкерлери демонстранттардын колдорунан тарыхый желекти тартып алып, айыргандыгы маалымдалды.
Аскердин автоунаалар да шаардын ар кыл жактарында байкалды.
Беларус оппозициясынын өкүлдөрү 2020-жылдын августундагы президенттик шайлоо массалык добуш бурмалоолор менен коштолгонун айтып, анын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып, улам жаңы нааразылык жыйындарын ырааттуу өткөрүп келет.
Алар азыркы бийликтерден президенттикти ушул тапта аргасыз бозгунда жүргөн президенттикке атаандаш талапкер Светлана Цихановская (беларусча Ціханоўская) айымга өткөрүп берүүнү талап кылышууда.