Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Эрматбек Исмаиловду Кара-Сууга аким кылууну сурангандар өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнө кайрылышты

12-октябрь күнү 50дөн ашык киши Эрматбек Исмаиловду Кара-Суу районуна аким кылып дайындоону суранып өкмөттүн Оштогу облустук өкүлчүлүккө келишти. Алар менен облус жетекчисинин биринчи орун басары Бактыбек Алайчиев жолугуп, өтүнүчүн жогорку бийлик өкүлдөрүнө жеткире турганын айтты.


Исмаиловдун аким болуусун кубаттап баргандардын бири Арстанбек Абдышов топтолгондор Кара-Суу районунун ар кайсы айыл өкмөттөрүнөн экенин айтты:


«Жалпы Кара-Суу районунда 16 айыл өкмөтү бар. Ошол айыл өкмөттөрдөн келе калган адамдар. Биз өзүбүз эле келдик. "Ютубдан" көрүп жатабыз. Каршы болгондор Бишкекке чейин барып жатышат. Биз эми чындыкты эле талап кылып келдик».


11-ноябрь күнү облустук администрацияга бир нече киши барып, Эрматбек Исмаилов аким болуп келсе митингге чыга турганын айтып кайрылышкан.


Буга чейин Эрматбек Исмаилов «Азаттыктын» кабарчысына «аким болуп дайындалганы» тууралуу маалыматты төгүндөп, Бишкек шаарында жүргөнүн айткан. Кийин «Клооп» басылмасына ал өз талапкерлигин көрсөткөнүн, эки-үч күндө маселе чечилип каларын билдирген.


Папан айыл өкмөтүнүн мурунку жетекчиси Эрматбек Исмаилов жерлерди мыйзамсыз сатууга байланыштуу айыпталып, ага 2018-жылы кылмыш иши козголгон. Кылмыш кодексинин «шалаакылык» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, бирок кылмыш жообуна тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен, жазадан бошотулган.


Исмаилов төрт ирет айыл өкмөт башчысы болуп шайланып, 2019-жылы өз арызы менен иштен кеткен. Ага чейин Папан айыл өкмөтүнүн тургундары бир нече жолу ага жана ошол кездеги аким Тилек Матраимовго каршы митингге чыгышкан. (DU)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus