Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

«Аялдар маршы»: Жогорку сот милициянын аракетин мыйзамдуу деп тапкан чечимди жокко чыгарды

Жогорку сот милициянын быйыл 8-мартта Бишкекте «Аялдардын шериктештик маршында» болгон аракетин мыйзамдуу деп тапкан чечимди жокко чыгарды. 12-ноябрда мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, 11-ноябрда Жогорку сот Бишкектин шаардык сотунун жана Свердлов райондук сотунун чечимдерин жокко чыгарып, Свердлов милициясынын митингдеги аракетин мыйзамдуу деп табуу боюнча териштирүүнү токтотту.


Митингдин уюштуруучуларынын адвокаты Евгения Крапивина «Азаттык» радиосуна билдиргендей, эми Жогорку соттун чечиминен кийин акцияга чыккандарды жоопко тартуу жана айыппул салуу тууралуу чечимдер боюнча арыз жөнөтүлөт.  


Быйыл 8-мартта Жеңиш аянтында кыз-келиндердин укуктарын коргоо, зомбулукка кабылган кыздардын маселесин көтөрүү максатында уюштурулган митинг башталбай жатып аяктаган. Кийин милицияга жалпысынан 11 адам жеткирилген.


Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Свердлов райондук милициясында аларга карата протокол түзүлгөнүн, кармалгандар айыппул төлөөгө милдеттендирилгенин кабарлаган. «Феминнале» жана «8/365» коомдук уюмдарынын 8-марттагы митинги уруксатсыз уюштурулганын белгилеген.


Райондук милиция маршка чыккан алты кыз-келинге үч миң сомдон айып төлөтүү тууралуу токтом чыгарган. Алты активист бул токтом мыйзамсыз экенин айтып, Свердлов райондук сотуна кайрылган. Сот ишти жабык карап, алардын өздөрүн күнөөлүү деп тапкан.


«Аялдардын шериктештик маршы» деген ураан менен акция өткөрүү пландалып жаткан учурда ал жерге беткап, калпак кийген белгисиз адамдар барып, акцияны үзгүлтүккө учуратышкан.


Акцияга чыккандар милиция чагымчыларды эмес, тынч турган уюштуруучуларды кармап кеткенине нааразы болгон.


Укук коргоочулар, эл аралык уюмдар зомбулукка каршы жүрүштүн катышуучуларынын кармалышын кескин айыпташкан.


2020-жылдын биринчи жарымында эле Кыргызстанда бир нече аял үй-бүлөлүк зомбулуктан каза тапкан. 1-январда Кочкордо 37 жаштагы келин, 3-январда Баткенде 26 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан көз жумган. 4-январда Каракол шаарында аялына бензин чачып өрттөгөн эркек кармалган. 12-февралда Сокулукта 42 жаштагы келинге күйөөсү бензин чачып, өрттөп жиберген. 6-мартта Бишкекте мурда сот болуп иштеген адам аялын бычактап өлтүргөн. 3-апрелде Бишкекте бир келин төртүнчү кабаттан секирип кетип, ооруканага түшкөн. Социалдык түйүндөрдө ал зордуктоодон качканы айтылган.


2018-жылы ала качуудан куткарылган Бурулай милициянын имаратында бычакталып өлтүрүлгөн. (RK)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus