Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Матраимовдордун доосу боюнча сот 11-декабарга жылды

Бишкектин Свердлов райондук сотунда 12-ноябрда Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн «Азаттык» радиосуна, мурдагы кабарчы Али Токтакуновго жана «Kloop.kg» сайттарына каршы жазган доо арызы боюнча соттук иш 11-декабрга жылды. 


Соттун мындай чечимине "Ысмайыл Матраимов" атындагы фонддун өкүлүнүн жараянга келбей калганы себеп болду.  


Сот бүгүн  "Азаттыктын" мурдагы кабарчысы, иликтөөчү журналист Али Токтакуновдун кийинки жараянга катышуусу боюнча чакыруу берди. 


Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, журналист Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын былтыр 9-декабрда бул үч медиада жарыяланган иликтөөлөрдөн кийин сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койгон.  Кийинчерээк Матраимовдор «24.kg» сайтына койгон 15 миллиондук материалдык доосунан баш тартып, аны сот канааттандырган.


«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган. Иликтөөдө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси болушу ыктымал экени айтылган.



Бул иликтөөлөргө байланыштуу Райымбек Матраимов, анын Жогорку Кеңештеги агасы, депутат Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд»  сотко кайрылган.


Коомчулукта «Раим миллион» деген каймана аты бар, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов быйыл 20-октябрда кармалган.


Ошол эле күнү анын бөгөт чарасын караган Биринчи май райондук соту Матраимов тергөө менен кызматташууга макул болгонун, мамлекетке келтирген чыгымын толугу менен төлөп берүүгө убада бергенин эске алып, аны эч жакка кетпөө тууралуу тилкаттын негизинде үй камагына чыгарган.


УКМКнын басма сөз кызматы ошол күнү тараткан кабарда Матраимовдун кылмыштуу аракеттеринин кесепетинен мамлекет эки миллиард сом зыян тартканы аныкталганы жана ал аны төлөп бере турганы белгиленген. (NT)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus