Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Ереванда Пашиняндын отставкасын талап кылган оппозициянын акциясы уланды

Армениянын борбору Ереванда премьер-министр Никол Пашиняндын отставкасын талап кылган оппозициянын акциялары уланууда. 12-ноябрда шаардын борбордук көчөлөрүнө миңдеген адамдар чыгып, өкмөт башчысынын кызматтан кетишин талап кылышты. Алар «Чыккынчы, кет» деп кыйкырып жатышты.


“Сасна Црер” партиясынын тарапкерлери да борбордук Эркиндик аянтында митинг өткөрүп, бирок полициянын эскертүүсүнөн соң мурда пландалган жүрүшүн уюштурган жок.


Буга чейин армян бийлиги өлкөдө аскердик абал дале болсо күчүндө экенин айтып, нааразылык акцияларын өткөрүүгө уруксат бербегенин эскерткен.


Бүгүн Армениянын Тергөө кызматы оппозициянын бир катар лидерлерин “массалык башаламандык уюштуруу” беренеси боюнча айыптап кармап кеткен. Алардын арасында оппозициячыл “Гүлдөгөн Армения” партиясынын лидери Гагик Царукян, “Мекен” партиясынын лидери Артур Ванецян, Армян революциялык федерациясынан Ишхан Сагательян жана Гегам Манукян, мурдагы бийликтеги Республикалык партиянын мүчөсү Эдурад Шарамазанов бар. Оппозиция бул саясатчылардын мыйзамсыз камалганын билдирүүдө.


10-ноябрда Армения менен Азербайжандын жетекчилери Орусиянын арачылыгы менен үч тараптуу келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, Тоолуу Карабакта ок атуу токтотулуп, Азербайжан соңку уруш маалында өз көзөмөлүнө алган бул аймактагы бир нече калктуу конуш, чөлкөмдөрдү сактап калат. Ошондой эле аймакка орус аскерлери бейпилдик күчтөрү катары жайгаштырылууда.


Бул келишимге кол коюлары менен аны Армениядагы коомчулуктун бир бөлүгү, анын ичинде оппозиция сынга алып, премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылып жатышат.


Никол Пашинян 12-ноябрдагы элге кайрылуусунда кол койгон келишим “биз үчүн жаман” болсо да, “болгонун эң жаман” катары көрсөтүлбөшү керек экенин билдирди.


Азербайжан менен Армениянын талашына түшкөн Тоолуу Карабакта 27-сентябрдан тартып кырдаал курчуп, алты жумага жакын куралдуу жаңжал болду. Анын кесепетинен миңдеген адамдар набыт болду.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus