Кыргыз улуттук илимдер академиясында 11-ноябрда бир катар чыгармачыл адамдар ТҮРКСОЙ уюмунун «Абай» жана «Юлиус Немет» медалдары менен сыйланышты.
Казак акыны жана агартуучусу Абай Кунанбаевдин чыгармачылыгын жайылтууда жигердүү эмгектенгендиги үчүн «Абай» медалы Түгөлбай Казаковго, Атантай Акбаровго, Айдарбек Сарманбетовго, Керимбек Кадыракуновго, Абдылдажан Акматалиевге ыйгарылды.
Венгриялык чыгыш таануучу жана лингвист Юлиус Немет атындагы медаль Кадыралы Коңкобаевге, Гүлнара Айтбаевага жана башка ишмерлерге тапшырылды.
Медалдарды Кыргыз эл акыны, Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү Кожогелди Култегин тапшырды.
ТҮРКСОЙ уюму быйылкы 2020-жылды «Абай жылы» деп жарыялаган. (MS)