Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

УКМК прокурор Улукбек Өмүрзаковду кармады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 12-ноябрда Ош облусунун аймагындагы көмүр кенин рейдерлик жол менен басып алууну уюштурушу мүмкүн деген факты боюнча облустук прокуратуранын улук прокурору кармалганын билдирди.


Маалыматта УКМКнын Антикоррупциялык кызматы президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровдун Оштогу сапары учурунда эл менен жолугушуусу учурунда жергиликтүү тургундун даттануусун иликтегени айтылат. Анын Ош облустук прокуратурасынын кызматкерине карата арыздануусунун негизинде кызмат абалынан кыянат пайдалануу фактысы иликтенип жатканы белгиленген.


Бул факты боюнча Ош облустук прокуратурасынын улук прокурору «Ө.У.» баштаган төрт жаран кармалганы маалымдалган. УКМКнын билдирүүсүндө прокурор Улукбек Өмүрзаковдун жана башка үч кишинин көзү жабылган сүрөттөрү да тиркелген.


Баштапкы иликтөөлөрдө "Мухаммед Умар" спорттук клубунун кызматкерлери кирген адамдар тобу 2020-жылдын январында "Жол чырак" жоопкерчилиги чектелген коомунун көмүр казган карьерине кирип барып, ишкананын өкүлдөрүн ал жерден чыгарып коюшканы, атайын техниканы басып алып, мыйзамсыз кен казганы, анда салык жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөбөй, 82 миллион сомдон ашык суммадагы көмүр казып, иштеткени аныкталганы да айтылган.


УКМКнын маалыматына караганда, кенди басып алгандар жергиликтүү бийлик органдарынын мыйзамсыз иштерди токтотуу тууралуу бир нече жолку эскертүүлөрү менен талаптарына көңүл бурган эмес. Учурда УКМК, ИИМ жана Башкы прокуратуранын кызматкерлеринен турган мекемелер аралык тергөө тобу бул фактыларды иликтөөгө киришкен.


Ошто 3-ноябрда Садыр Жапаровдун эл менен жолугушуусунда жергиликтүү тургун Канназар Ыдырысов аймакта таасирдүү үй-бүлө болуп саналган Өмүрзаковдордун туура эмес аракеттери боюнча даттанган. Садыр Жапаров анын айткандарын «жергиликтүү бийлик текшерип, карасын» деп жооп кайтарган.




Канназар Ыдырысов жыйында даттангандан кийин өзүнө кысым болуп жатканын айтып чыккан.


Ош облустук прокуратурасынын прокурору Улукбек Өмүрзаков 5-ноябрда басма сөз жыйынын уюштуруп, өзүнө карата айтылган билдирүүлөрдү четке каккан жана каралоо деп баалаган.


Улукбек Өмүрзаков ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун бир тууган иниси. (NT/DU)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus