Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Тажикстанда электр энергиясын уурдоо схемасы аныкталды

Тажикстанда «Дүйшөмбү электр түйүндөрү» ишканасынын кызматкерлери 68 миллион сомониге (6 миллион доллардан ашык) бааланган 150 миллион кВт/саат электр энергиясын уурдаган деп шек саналууда. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.


Мекеменин маалыматына караганда, ишкананын жогорку кызматтагы өкүлдөрү кардарлардын дүмүрчөктөрүнө пайдаланылбаган 100 миңдеген кВт/саат электр энергиясын жазып, кийин аларды кардарларга «белекке берилди» деп эсептен чыгарып башка колдонуучуларга арзан баада сатып келишкен.


Тажикстандын Башкы прокуратурасы энергетика тармагындагы уурдоо фактыларын аныктоо үчүн атайын тергөө тобу түзүлгөнүн билдирди. Ал өлкөнүн бардык аймактарындагы электр энергиясындагы жоготууларды жана уурдоо фактыларын текшерет.


Бүгүнкү күндө карамагына «Дүйшөмбү электр түйүндөрү» ишканасы кирген «Барки точик» энергохолдингинин жалпы карызы 2,5 миллиард долларды түзөт.


Мартта Дүйнөлүк банк «Барки точик» компаниясынын каржылык абалын жакшыртуу үчүн 134 миллион доллар грант бөлгөн. Каржы уюмдун 90 барактан турган баяндамасында электр энергиясынын тарифтери жогорулабаса, «Барки точик» каржылык жактан туруктуу болбой турганы белгиленип, 2025-жылга карата тарифтер холдингдин бардык чыгымдарын жапкыдай болушу керектиги жазылган.




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus