Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Блогер Элмир Сыдымановдун соту болот

Узак убакыт тыныгуудан кийин 12-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда блогер Элмир Сыдымановдун ишине байланыштуу сот отуруму болот. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.


Акыркы жолу соттук жараян 8-июнда өтүп, анда Сыдымановго карата психиатриялык-психологиялык-лингвистикалык комплекстүү экспертиза жүргүзүү чечими кабыл алынган.


Процесс анын жыйынтыгы чыккандан кийин улантылары айтылган.


Сыдыманов «Инстаграмда» Sydyman деген ат менен белгилүү. Ал быйыл февраль айында өзүнүн баракчасы аркылуу түз эфирде Кыргызстандын айрым облустарында колдонулган сөздөрдү сындап, бул окуя коомчулукта кызуу талкууга алынган. Кийин өзү жаңылганын моюнуна алып, кечирим сураган.


18-февралда Бишкектеги №1 тергөө абагына камалып, 28-февралда үй камагына чыгарылган.




 


Ага Жазык кодексинин 313-беренеси («Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу») боюнча айып коюлган.


Ишти Бишкектин Октябрь райондук соту карап жатат. 2-июндагы отурумда прокуратура блогерди сот залынан камакка алууну, алты жылга эркинен ажыратууну соттон суранган.


8-июндагы отурумда судья блогердин сөзү боюнча психологиялык-лингвистикалык экспертиза жүргүзүү керектигин айтып, соттук териштирүү ошонун жыйынтыгы чыккандан кийин уланарын билдирген. Кийин Сыдымановго психиатриялык да экспертиза жүргүзүлмөй болгон.


Экспертиза Сыдымановдун сөздөрүндө кастыкты козутуу барбы-жокпу, аныкташ үчүн дайындалган. (BTo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus