Шайлоо: Саат 19:00гө карата добуш бергендер 34% түздү
30-ноябрда өтүп жаткан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо саат 19:00гө карата 1 млн 472 миң 264 жаран добуш берди. Бул көрсөткүч жалпы шайлоочулардын 34,31 % түзөт. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) сайтындагы маалыматка ылайык, саат 18:00гө карата жалпы шайлоочулардын 30,99% (1 млн 330 миң 602 жаран) добуш берүүгө катышкан. Кыргызстан боюнча 2 миң 492 шайлоо тилкеси саат 8:00дө ачылып, добуш берүү башталган. Мындан тышкары аралыктан добуш берүү үчүн 27 тилке иштеп жатат. Чет өлкөлөрдө 100... Читать дальше...