COP30: Бразилияда түпкүлүктүү калктын өкүлдөрү нааразылык уюштурду
11-ноябрда Бразилиянын Белем шаарында глобалдык климат саммити өтүп жаткан жерге түпкүлүктүү калктын ондогон өкүлү кирип барууга аракет кылды. Алар менен кагылышууда коопсуздук кызматкерлеринен экөө жараат алды. Нааразылык билдиргендер климаттын өзгөрүүсү боюнча чечкиндүү чара көрүүнү жана токойлорду коргоону талап кылышты. Имараттын алдына жалпы 100дөй киши топтолгон. Глобалдык жыйын өтүп жаткан Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силва бул саммитте түпкүлүктүү калкты негизги өнөктөш катары белгилеген. Читать дальше...