Ош мэриясы жаңы басылган асфальттын бузулушу боюнча түшүндүрмө берди
Ош шаардык мэриясы Көкүм-Бий көчөсүндө жаңы басылган асфальттын кайра сүрдүрүлүп жатканы боюнча түшүндүрмө берди. Мэриянын басма сөз кызматынын 16-июнда тараткан маалыматка караганда, асфальттын биринчи кабаты басылгандан кийин жол астынан суу чыгып, саз пайда болгон. Адистер асфальтты сүрдүрүп, аны башынан басуу чечимин кабыл алган. “Учурда жолду куруу боюнча тендерди утуп алган компания өз эсебинен жолду кайра жасоону баштады. Бул иштер сапатты камсыздоо жана келечекте жараксыз абалга келбеши үчүн жүргүзүлүп жатат. Читать дальше...