Ирандын Израилге чабуулунан кеминде 10 адам мерт болду
15-июнга караган түнү Ирандын Израилге ракеталык чабуулунан кеминде 10 адам набыт болуп, 200дөн ашууну жаракат алды. Тель-Авивдин четиндеги Бат-Ям шаарында баллистикалык ракета көп кабаттуу үйгө тийген. Израил бийлигинин маалыматында, мындан алты адам өлдү, арасында сегиз жаштагы кыз бар. 180ге жакын адам жаракат алды. Жети адам дайынсыз. Дагы төрт киши калкынын басымдуу бөлүгүн арабдар түзгөн Тамра шаарына урулган соккудан набыт болду. Реховот шаарында ракеталык чабуулдан 40 киши жаракат алды. Читать дальше...