Түркияда "Крокустагы" теракт боюнча шектүүлөргө байланышы барларга айып тагылды
Стамбулдун башкы прокуратурасы "Ислам мамлекети" (ИМ) уюмунун мүчөсү делген беш кишиге Москванын жанындагы "Крокус Сити" концерттик залына кол салууну ишке ашырган деп шектелгендер менен байланышта болгон деген айып такты. Тергөөнүн маалыматына караганда Хофизжон Усмонов, Мутеулло Асоев, Рахматулло Саликов, Мухаммадрахим Файзов жана Хамза Мухаммад "Крокуска" кол салгандар менен байланышта болгон. "Анадолу" агенттиги алардын бири Москвадагы соода борборуна бомба коюу үчүн 800 миң рубль сунуштаганын жазды. Читать дальше...