Казакстан менен Кытай Хоргосто плотина курат
Хоргос дарыясында сел тосуучу “Чукурбулак (Алмалы)" плотинасын курууда Кытай менен кызматташтыкты караган келишимди ратификациялоо мыйзамына президент Нурсултан Назарбаев 29-июнда кол койгонун Ак ордо кабарлады. Эки өлкөнүн Хоргостогу плотинаны биргелешип куруу боюнча келишими 2017-жылы, 8-июнда Астанада кабыл алынган. Документке ылайык, плотина эки өлкөнүн орток менчиги болот. Курулуштун чыгымын эки тарап 50-50% өлчөмүндө тең көтөрөт. Плотина курулушуна байланышкан иштерди координациялоо үчүн эки тарап биргелешкен комитет да түзөт. Читать дальше...