Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Ак үй: АКШ Сириядан аскерлерин чыгара баштады

Ак үй АКШ Сириядан аскерлерин чыгара баштаганынын себебин бул аймакта “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жеңилгени менен түшүндүрдү.


“Сириядагы бул жеңиш “Ислам мамлекети” тобуна каршы глобалдык коалиция же анын өнөктүгү аягына чыкканынын   белгиси эмес. Биз АКШ аскерлерин үйүнө бул өнөктүк кийинки бакычка өткөн учурда алып келүүдөбүз”- деп айтылды Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерстин билдирүүсүндө.


Мындан мурдараак президент Дональд Трамп өзү да “Твиттердеги” баракчасында Сирия “Ислам мамлекети” тобу жеңилгенин, аскерлер бул жакта мына ушул жалгыз себептен улам гана турганын жазган.


Ал эми АКШ Коргоо министрлиги - Пентагондун басма сөз катчысы Дана Уайттын айтымында, глобалдык коалиция “Ислам мамлекети” тобу ээлеп турган аймактарды бошотту, бирок бул топко каршы өнөктүк “бүтө элек”.


Пентагон өкүлү коопсуздук жүйөсүнөн улам аскерлердин чыгарылуусунун чоо-жайы боюнча маалымат  берилбей турганын кошумчалады.


Сирияда азыр АКШнын 2000дей аскери бар. Алар ИМ тобуна каршы күрөштө негизинен жергиликтүү күрт жана араб кошуундары менен иштешти.


Америкалык аскерлердин көпчүлүгү Сириянын түндүк-чыгышында турушат. Ал жакта “Ислам мамлекети тобунун согушкерлеринин очоктору азыр дагы бар.


Республикачыл сенатор Линдси Грэм президент Трамптын дал азыркы учурда аскерлерди чыгаруу чечими “жаңылыштык”, ага катар “Ислам мамлекети” тобу, Сирия президенти Башар Асад, анын өнөктөштөрү Орусия жана Иран үчүн "чоң жеңиш" деп эсептеди.


Ал эми Орусиянын Тышкы иштер министрлиги, ТАСС агенттиги кабарлагандай, АКШнын Сириядан аскерлерди чыгаруу чечими “бул өлкөдөгү кризисти саясий жол менен жөнгөргүдөй келечек жаратарын” белгилеген. (UE)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus