Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Отунбаева Текебаевди тезирээк бошотууга чакырды

Экс-президент Роза Отунбаева бул тууралуу 19-декабрда “Ата Мекен” партиясы абактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин алтымыш жылдык мааракесин утурлай уюштурган сүрөт көргөзмөдө сүйлөгөн учурунда билдирди:


- Өмүрбек сөзсүз чыгат. Чыгышына биз баарыбыз көмөк көрсөтөбүз. Бүгүн сүрөт көргөзмөнү көрүп жатып Өмүрбек түрмөдө акыйкатсыздыктан улам олтурганын, биз баарыбыз алсыз болуп жатканыбызды сезип, билип, атүгүл уялып да турабыз. Акыйкаттыкты калыбына келтиргенге биз баарыбыз аракетти тайманбастан жасашыбыз керек. Мен бүгүн Өмүрбекти тезирээк бошотууга чакырык таштайм, - деди Отунбаева.


Отунбаевага чейин 19-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги басма сөз жыйынында Өмүрбек Текебаев боюнча суроого жооп бергенде буларды белгилеген: 


- Бардык соттук инстанция бүткөн. Жогорку сот караган, бул боюнча өзүнүн чечимин чыгарган. Мен аны буза албайм. Мыйзам боюнча менин бир гана укугум бар – мунапыс берүү. Жазса берейин. Башка укугум жок. Сот чечими мага чейин эле чыккан да.


Мурдараак Текебаев өзү да, адвокаттары да ага тагылган айыпты моюнга албай турганын айтып, ырайым суроодон баш тарткан.


Башкы прокуратура болсо Текебаевдин адвокаттарынын иши жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо өтүнүчүн четке каккан. 


Ал эми 11-декабрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөш жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети Башкы прокуратурага Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароо боюнча кат жиберүүнү чечкен.


Анын алдында “Ата Мекен” фракциясы Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотоновдун соттук ишиндеги негизги күбө жана жабырлануучу орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин 16-ноябрда Москвада камакка алынышы буга негиз болорун айтып чыккан.


"Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов орус жараны Леонид Маевскийдин көрсөтмөлөрүнүн негизинде Кылмыш кодексинин "коррупция" беренеси менен айыпталып, былтыр ар бири сегиз жылга эркинен ажыратылган.


Айыпкерлер жана алардын адвокаттары кылмыш ишин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин “саясий куугунтугу” деп баалашкан.


Текебаев өткөн аптада №47 колониядан Улуттук кардиология борборуна дарылануу үчүн которулган. (UE) 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus