Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Иса Өмүркулов Финчалгын кызматынын аракетин чыккынчылыкка теңеди

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын төрагасы Иса Өмүркулов өкмөткө караштуу Финансылык чалгын кызматынын коммерциялык банктардагы уячалар жана эсептер боюнча маалыматты алуу аракетин чыккынчылыкка теңеди. Бул тууралуу Өмүркулов парламентте “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууну талкулоо маалында билдирди.


Өмүркулов “Коопсуз шаар” долбоорунун айланасындагы акыркы жылдардагы абал өлкөгө келүүнү каалаган инвесторлорду качырып жатканын айтып, Финансылык чалгын кызматынын кийинки күндөрдөгү аракети буга мисал болгонун белгиледи. 


- Кечээ күнү Финансылык чалгын кызматы бардык банктарга кат жазып жибериптир, ушундай кийин келем деп аткан инвестор да эми келеби? Ошондой адистин өлкөгө, мамлекетке кереги барбы? Ал чыккынчы. Мыйзамды билбейт, бүгүнкү шартты билбейт. Ар бир адис эртең менен тура калып эле ушинте берсе эмне болобуз? - деди Өмүркулов.


Буга чейин Интернетке Финансылык чалгындоо боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Гуламжан Анарбаевдин "өтө маанилүү" деген белги коюлган, коммерциялык банктарга жиберилгени кабарланган каты жарыяланган.


Документте "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамды аткарууга байланыштуу 17-декабрга чейин бардык кардарлардын эсептери жана уячалары тууралуу маалымат берүү талабы коюлган.


Бирок банк тармагы боюнча экcперттер Финчалгындоо кызматынын талабын мыйзамсыз экенин айтып жатышат. (BkA)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus