АКШ Йемендеги саудиялык аскерий учактарга абада май куюуну токтотту. Сауд Арабия АКШ муну Эр-Рияддын өтүнүчү менен токтотконун, анткени сауд аскерлери учактарга абада май куюуну өз күчтөрү менен аткара ала турганын билдирген. Пентагондун башчысы Жеймс Мэттис АКШ бул чечимди колдой турганын билдирди.
Бул өзгөрүүлөр суадиялык журналист Жамал Хашогжинин өлүмүнө байланыштуу жаңжал курчуган учурга туш келүүдө. Буга чейин АКШ Конгрессиндеги эки партиянын өкүлдөрү тең абада май куюуну токтотуу менен коркутуп келген.
Пентагон эл аралык коалициянын Йеменге каттаган учактарына абадан май куюунун 20 пайызын камсыздап келген. Ал эми эл аралык коалициянын курамындагы Сауд Арабиясы бул өлкөдөгү жарандык согуштарга 2015-жылдан бери катышып келет.
10 миңден ашуун адам Йемендеги жаңжалдын курмандыгы болсо, 2 миллионго жакыны жер которуп кетти.