Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарындагы жаңы конуштардын бирине Жогорку Кеңештин депутаты, маркум Улан Чолпонбаевдин ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна шаардык кеңештин депутаты Азамат Айтбаев билдирди. Анын айтымында, Карасаев жана Элебаев көчөлөрүндө жайгашкан жаңы конушка Улан Чолпонбаевдин ысымын берүү демилгесин жергиликтүү тургундар көтөрүшкөн. Депутаттар быйыл жайында демилгени бир добуштан колдоп беришкен. 10-ноябрда маркумдун аты жазылган белгилер орнотулуп, Чолпонбаевдин бир туугандары жашоочуларга белекке боз үй беришти.
Былтыр 11-ноябрда Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Улан Чолпонбаев 40 жашында бөйрөк оорусунан каза болгон. Фрунзе шаарында төрөлгөн Улан Чолпонбаевдин бала чагы Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Боз-Учук айылында өткөн. 1997-жылы Кыргызстандын Эл аралык университетинин Эл аралык укук факультетин аяктаган. Маркумдун артында эки кызы калды. (КЕ)