Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Макрон менен Меркель Компьенск токоюна барышты

Ангела Меркель согуштан кийин, Германия менен өнөктөштөрү ортосундагы элдешүү орун алган соң Компьенск токоюна барган алгачкы концлер болду. Немис канцлери жана Франциянын президенти Эммануэль Макрон Биринчи Дүйнөлүк согуштун курмандыктарын эскерген салтанатка катышты. Ишемби күнү алар Франциянын түндүгүндөгү Компьень шаарына жакын жайгашкан токойдогу мемориалга гүлчамбар коюшту. Бул жерде 1918-жылы 11-ноябрда Германия менен өнөктөштөр ортосунда аскерий аракеттерди токтотуу боюнча келишимге кол коюлган. Эки өлкөнүн лидерлери элдешүүнүн жүз жылдыгына арналган эстеликти ачышты. Компьенск келишимине кол коюлган тарыхый вагондун көчүрүлүп жасалганын көрүштү.


Биринчи Дүйнөлүк согуштун аяктаганына жүз жыл болгонуна байланыштуу уюштурулган иш-чаралардын негизги бөлүгү бүгүн, 11-ноябрда өтөт. Ага Орусия жана АКШ президенттери Владимир Путин менен Дональд Трамп катышат. “Немис толкуну” кабарлагандай, жалпысынан бул иш-чарага катышуу үчүн Францияга 98 өлкөдөн делагаттар келет деп күтүлүүдө.


Ишемби күнү Трамп менен Макрондун жолугушуусу Парижде өттү. Эки лидер Ирандагы кырдаал, Сирия, Йемендеги жаңжал, глобалдуу соода жана климаттын өзгөрүшүн талкуулашты.


Буга чейин Дональд Трамп Макронду Европа Биримдигинин армиясын түзүү боюнча айткандарын сындаган. Франция президенти АКШ, Орусия жана Кытайдын басымына туруштук бере турган армия зарыл экенин билдирген. 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus