Жыл башынан бери 52 балага кант диабети диагнозу коюлду
Чоң кишилер арасында 54 миңден ашуун адам кант оорусу менен каттоодо турат. Бирок "Глобалдык кант диабет картасы" уюму бул сан 200 миңге чукул болушу мүмкүн экенин аныктаган.
Дарыгерлердин айтымында, бул ооруга кыймылсыз жашоо, ашыкча салмак себеп болуп жатат. (BCh)