Санкт-Петербургдагы Интернационалисттер бакчасындагы көлмөлөрдүн биринде 21 жаштагы кыргызстандык чөгүп кетти. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады. Маркум Ноокат районунун тургуну экени аныкталды. Ал бакчада достору менен эс алып жүрүп, кырсыкка кабылган.
Каза болгон жарандын сөөгүн мекенине жөнөтүү боюнча атасына жана жердештерине жардам көрсөтүлдү. Маркумдун сөөгү бүгүн Ош шаарына жөнөтүлөт. (BkA)