Кыргызстанда келишим менен кызмат өтөгөн аскерлердин эмгек акысы 30 пайызга көбөйтүлөт. Премьер-министр тийиштүү токтомго кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы 9-августта кабарлады. Маянанын жогорулашы катардагы, сержанттык жана улук курамдагы кызматкерлерге таандык болот.
"Бул чечим аскер кызматкерлерин, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык жактан коргоо деңгээлин жана аскер кызматынын аброюн жогорулатуу максатында кабыл алынды" деп айтылат расмий билдирүүдө.
Коргоо тармагындагылардын эмгек акысынын өлчөмү сыр сакталат. Расмий бышыктала элек маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда аскерлердин 70 пайызы келишимдик негизде иштейт, орточо айлык 15 миң сомдун тегерегинде.
Армиянын кудуреттүүлүгү боюнча дүйнөлүк рейтингде быйыл Кыргызстан 136 өлкөнүн ичинен 91-орунда турат. "Global Firepower" эл аралык уюмунун эсебинде мамлекетте армияга жарамдуу 3 миллион адам бар, алардын 13 700ү аскер тармагында иштешет.