Орусиялык велоспортчу, Олимпиаданын жана эл аралык таймаштардын жеңүүчүсү Ольга Забелинская Өзбекстандын жарандыгын алды. Орусиянын Велосипед спорту федерациясы анын орус жарандыгынан баш тартканына тынчсызданып, нааразылык билдиргенин "Интерфакс" кабарлады.
- Бул чечими бизге жагымсыз сюрприз болду. Биз Забелинскаяны башка мамлекеттин желегин көтөрүп таймаштарга катышуусуна уруксат берүү мүмкүн эмес деп эсептейбиз, - деди аталган федерациянын президенти Вячеслав Екимов.
Маалыматта Орусия мамлекети Забелинскаянын спортчу катары өнүгүшүнө чоң салым кошкону да белгиленип, спортчу кыз-келиндердин лидерлеринин бирине айланганы айтылат.
38 жаштагы спортчу 2012-жылкы Олимпиада оюндарында эки коло, 2016-жылкы Олимпиадада күмуш медал тагынган.
"Р-Спорт" телеканалы билдиргендей, Забелинская өзбек жарандыгын быйыл 5-июлда алган.