"Айкөл Ала-Тоонун" жетекчилерине кылмыш иши козголду
Маалыматка караганда, алар апрель окуясынын катышуучуларын социалдык колдоо үчүн 2,1 миллиондон ашык сомго бааланган көмүрдү өөнөгөн деп айыпталууда. «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесин 2010-жылы 7-апрелде борбордук аянтта жарадар болгон жарандар түзгөн. Аны КСДП партиясынан парламентке депутат болуп, былтыр мандатын тапшырган Мээрбек Мискенбаев жетектейт. Орун басары Амантур Жамгырчиев. Алар кылмыш иши тууралуу комментарий бере элек.
Быйыл апрелде“Айкөл Ала-Тоо” коомунан 78 киши бөлүнүп чыгып, өз алдынча “Айкөл таза коом” уюмун уюштурган. (NT)