Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

ЕАЭБде миграциялык каттоону жеңилдетүү каралууда   

Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында мигранттарга эмгек келишиминин негизинде анын курамындагы өлкөлөрдө узак мөөнөткө туруктуу жашоого укук берүү шарттары каралууда. 


Муну менен биримдиктеги өлкөлөрдүн мигранттарына ЕАЭБ аймагында миграциялык каттоого туруу талабы жоюлмакчы.  


Тиешелүү долбоор иштелип жатканын Евразиялык экономикалык комиссиясынын Экономика жана каржы саясаты боюнча коллегиясынын жетекчиси Тимур Жаксылыков билдирди.  


Аталган долбоор Европада эмгек мигранттарына каралган жеңиликтердин негизинде түзүлмөкчү. 1968-жылы Европа экономикалык коомчулугунун директивасы боюнча бир өлкөнүн мигранттарына экинчи өлкөдө туруктуу жашоого уруксат  берген атайын документ иштелип чыккан. 


Мындай жеңилдик ЕАЭБ аймагында мыйзамсыз миграцияны азайтып, биримдиктеги өлкөлөрдүн жарандарына бирдиктүү эмгек рыногунда эркин иштөөгө шарт түзүүгө багытталган.


ЕАЭБдин эмгек мигранттарынын укуктары жана эркиндиги боюнча тегерек үстөл  29-июнда Москвада өттү. Ага Орусияда миграция жаатында иштеген эл аралык жана коомдук уюмдардын, ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн элчиликтеринин жана илимий коомчулуктун өкүлдөрү катышты.  


Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине расмий 12-августта 2015-жылы кошулган. Андан соң кыргызстандыктарга Орусияда миграциялык каттоого турууга 30 күндүк мөөнөт, патенттин же иштөөгө уруксат кагаздарын албастан, эмгек келишиминин негизинде иштөө сыяктуу бир катар жеңилдиктер берилген.  


Ошондой эле мигранттарды иштеген өлкөнүн пенсиясы менен камсыз кылуу долбоору иштелип жатканы маалымдалган. Бирок бул долбоор эки жылдан бери талкууга алынып, дагы эле кабыл алына элек. (LzT).

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus