Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Бурулайдын жакындары анын сөөгүн эксгумациялоону талап кылууда

Чүй облусунун Жайыл райондук милиция бөлүмүндө өлтүрүлгөн 20 жаштагы студент Бурулай Турдаалы кызынын ата-энеси анын сөөгүн эксгумация кылууну талап кылууда. Маркумдун атасы Турдаалы Кожоналиев "Азаттыкка" мындай кадамды экспертизанын жыйынтыгына макул болбогону менен түшүндүрдү. Анын айтымында, эксперттер Бурулайдын денесиндеги жазууну аныктабай койгон. 


- Алар көкүрөгүндөгү жазуу "жок" деген тыянак чыгарып коюшуптур. Жазуу болгон эмес деп атпайбы. Мен кызымдын сөөгү келгенде сүрөткө тартып алгам да. Н+Б деп жазылган, астына крест коюлган.


Быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө Медициналык коллеждин 20 жаштагы студенти Бурулай Турдаалы кызы киши колдуу болгон. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап өлтүрүп,  өзүнө да кол салганын билдирген.  


Окуядан кийин маркумдун жакындары анын көкүрөгүндө жазуу болгонун жарыялап, милиция бул айтылганды четке каккан. Бурулайдын милиция бөлүмүндө бычакталышы ички иштер органына карата элдин сынын күчөттү. 


Кыздын өлүмүнө шектүү Марс Бөдөшев 20-июнда соттун чечими менен эки айга камалды. 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus