Баткен шаарында тарых музейи ачылды
Бүгүн музейдин ачылышына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Жапаркул Ташиев, Орусиядан, Казакстандан, Тажикстандан жана Өзбекстандан келген илимпоздор, кыргызстандык окумуштуулар, жогорку окуу жайларынын окутуучулары катышты.
Музейди ачуу демилгеси Баткен шаардык мэриясы менен Баткен мамлекеттик университетине таандык. Жергиликтүү тарыхчы, мугалим Абдинаби Кадыров баштаган тарыхчылар да ага салым кошкон. (MdN)